www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги бир окуучуну бир нече бала ур-токмокко алган тасма боюнча NazarNews маалымат агенттигине пикирин билдирди:

"Окуя 2020-жылдын 6-февралында Аксы районундагы №5 Асанбек Кабаев орто мектебинин аймагында катталган. 9-класстын 6 окуучусу ушул эле класстын башка окуучусун сабашкан. Сабалган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда окуусун ошол мектепте улантууда.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, окуядан кийин Асанбек Кабаев орто мектебинин социалдык педагогу жумуштан алынган.

Мектептин директору Шабданов Кененбай өзүнүн функционалдык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду.

Министрлик аталган мектептин ата-энелери, жергиликтүү коомчулук, мектеп мугалимдеринин биргелешип иштөөсүнүн зарылдыгы боюнча  тапшырмаларды берди. Аксы райондук билим берүү бөлүмү тарбиялык иштерди күчөтүү, комплекстүү иш чараларды иштеп чыгууга милдеттендирилди", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости