www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбеков Аксыдагы мектеп окуучулары бир баланы сабаганы тууралуу өкмөткө кайрылуу жасады:

“Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, урматтуу өкмөт мүчөлөрү жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, мен КРдин жөнөкөй жараны катары расмий түрдө кайрылам. Бул жанагы жаш мектеп окуучулары башка баланы сабап жатканы боюнча. Албетте, бул жалгыз гана окуя болбош керек. Тилекке каршы, Кыргызстандын көп жерлеринде жашыруун мындай окуялар болуп жатат...Бул видеону колдонуп, жөн гана калтырбастан...Ошол жердеги жергиликтүү бийлик өклүдөрүн кызматтан четтеттирип, катуу чараларды, көрүп...”

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 6-февраль күнү саат 13:30 чамасында Авлетим айылындагы №5 А.Кабаев орто мектебинин жанында курулуп жаткан спорт залдын ичинде өзүнө теңтуш 9-класста окуган 6 бала “Чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп сабап койгондугу такталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости