www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 200дөй киши төрт күндөн бери  ачкачылык жарыялоодо. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Кабарламага караганда,  9-март күнү №1, №16, №19 жана №25 колонияларда отурган 200дөй соттолгон адам сот жана прокуратурадан соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдарды аткарууда алардын конституциялык укугун коргоп берүүнү талап кылышкан.

Жаза аткаруу кызматы мунапыс мыйзамына ылайык алардын ишин кайра карап чыгуу тууралуу арыз менен 2019-жылы тиешелүү мекемелерге кайрылганын, бирок соттор аны канааттандыруудан баш тартып койгонун, андыктан ачкачылык жарыялоо негизсиз экенин билдирген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө абактарда өмүр бою эркинен ажыраган 347 адам жазасын өтөп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости