www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги, милициянын полковниги Н.Адылова жана жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерлер жашы жете электер арасындагы укук бузуучулук жана кылмыштуулукту алдын алууга багытталган “Жашы жете электердин укуктары жана милдеттери”, “Келечегиңди ойло”, “Жарандардын мыйзам боюнча нике курагы” жана “Чылым чегүү жана анын зыяндары” аталышындагы иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө аталган айылда орун алган орто мектептин 8-11-класстарынын окуучулары катышты.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөргө укуктук видеороликтер көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу жаш өспүрүмдөргө арналган атайын китепчелер таратылды. Жаш өспүрүмдөр арасындагы иш-чара айыл мектебинин администрация жамаатынын катышуусунда өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости