www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Баткен облусуна караштуу Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында маданият мекемелери менен жеринен таанышып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине  билдирди.

Маалыматка таянсак, сапардын жүрүшүндө маданият мекемелеринин инфрастуктурасы менен таанышып, аны ишке ашыруу долбоорлорун мекеме жетекчилери менен талкуулап, каржылоо планы түзүлдү.
 
Анда министр Жаманкулов Лейлек районуна болгон иш-сапардын алкагында Исхак Раззаков атындагы музейине, Лейлек  райондук музыкалык мектебине, Балдар китепканасына, К. Сабыров атындыгы райондук китепканага, Лейлек райондук маданият үйүнө, ошондой эле, Сүлүктү шаардык борбордук китепканасына, Сүлүктү шаардык тарыхый музейине, Сүлүктү шаардык балдардын искусство мектебине, маданият сарайына жана Кош – Булак айылындагы шаардык китепкананын филиалына барып, эмгек жамааттары менен жолугушту. 

Иш- сапар Кара- Булак айылындагы маданият үйү жана айылдык китепкананын абалы менен таанышуу менен жыйынтыкталат.
Ал эми, министрдин иш сапарынын жыйынтыгы боюнча  Лейлек районундагы бардык маселелер дыкат каралып чыгат.

Белгилей кетсек, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын өкмөтү демилгелеген "китепкана иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу долбоору каралып, мыйзам кабыл алынган.

Ошондой эле элеттеги китепканаларга интернет тартуу керектиги белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости