www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 5-мартында Сооронбай Жээнбеков айрым талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен бирге судьялык кызматка 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарып берди.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 9 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын президенти чыгарган Жарлыктарга ылайык, дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди.

Бишкек шаары:

— Ленин райондук сотуна: Жолдошова Мээрим Адамжановна;

Ош облусу:

— Кара-Суу райондук сотуна: Арзиев Марс Мусаевич;

Жалал-Абад облусу:

— Жалал-Абад шаардык сотуна: Суханбердиев Данияр Абдамитович;

Талас облусу:

— Кара-Буура райондук сотуна: Таджибаева Тахмина Саматкановна;

Ысык-Көл облусу:

— Ысык-Көл облустук сотуна: Сатимкулов Убайдулла Акилбекович, Шукуралиев Альгис Рыспекович;

— Ысык-Көл райондук сотуна: Казаков Кеңешбек Осмонович;

— Түп райондук сотуна: Джолбунов Нурбек Болотбекович;

Чүй облусу:

— Ысык-Ата райондук сотуна: Джунушева Назгуль Турусбековна.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости