www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда каза болгон жолдошун жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен кармалган маркумдун жубайы 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 4-март күнү Ош шаардык соту чечим чыгарган. Анда айыпталуучу П. Г. угузулган айыптары боюнча күнөөлүү деп табылган. Натыйжада аял 9 жылга эркинен ажыратылып, 90 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Маркум менен айыпталуучунун 2014-жана 2015-жылы туулган балдарын туугандарына өткөрүп берүү иши Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнө милдеттендирилди. Ош шаардык сотунун өкүмү акыркы эместиги жана нааразы тарап апелляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу экендиги кошумчаланды.

Эске сала кетсек, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери Алай районунда каза болгон күйөөсүн жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен адам өлтүрүүгө шектүү катары Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну П. Г. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү тергөө амалдарынын жүрүшүндө жолдошунун башына арматура менен чапкандыгын моюнуна алган. Алгачкы тергөө амалдарында маалым болгондой, 1973-жылы туулган Ы. Ү. аттуу маркум жубайы менен өз ара пикир келишпестиктен улам мамилеси жакшы болгон эмес.

Маркум 19-ноябрда болжол менен саат 23:30 чамаларында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги үйүнө келген. Ал бут кийимин чечип жаткан учурда жубайы арматура менен башына үч ирет чаап жиберген. Жыйынтыгында маркум Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей жатып каза болгон. Оор абалда жаткан жолдошуна "Тез жардам" кызматын шектүү менен аны кошунасы чакырган. Аялы өз кылмышын жашырып, "сырттан жараат алып келип, жатып калды" деп айткан. Каза болгон жаран Ош шаарында маршруттук такси айдап иштеген. Маркумдун артында 4 баласы калганы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости