www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караван" соода борборун электрондук сатыкка коюуга каршы жүзгө жакын адам акцияга чыкты. Алар президенттен жардам сурашууда.

Бүгүн, 1 Сентябрда,  Бишкектеги "Караван" соода борборунун ижарачылары аталган объектинин сатылышына нааразы болуп, митингге чыгышты. Акцияга жүздөн ашуун  адами катышууда.

Соода борборунун кесиптик кошуун комитетинин өкүлү Элмира Аксамаева акциянын катышуучулары «Каравандын» соода күркөлөрүн электрондук сатып алуу порталынан алып салууну талап кылып чыгышканын айтты. Мындан тышкары нааразы тарап соода күркөлөрнө болгон ижара келишимдерин узартууну да талап кылышты.

 Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин жакындарына таандык «Караван» соода борбору сот чечимине ылайык 2017-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн. Кийинчерээк «Мүлк» мамлекеттик ишканасына берилген.

Белгилеп кетсек, аталган  соода болрбордун  ишкерлери тарабынан   митингге чыккан биринчи окуя эмес. Буга чейин акциялар соода борбордун жана Ак үйдүн жанында өткөн. Митингге чыккандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, өз кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүсүн өтүнүүдө.

Эскерте кетсек, Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин жакындарына таандык «Караван» соода борбору сот чечимине ылайык 2017-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн. Кийинчерээк «Мүлк» мамлекеттик ишканасына берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости