www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы күндөрү, жок акыркы жылдары, жок, эгемендүүлүк алгандан бери саясатчыларыбыз, чиновниктерибиз, депутаттарыбыз, аким, айыл-өкмөтү, мэрлер чалкасынан кетип эле баратат, кетип эле баратат. Депутаттардын кейпи тигил, өкмөт мүчөлөрүнүкү андан келишкен. Мындайча айтканда “мокочо”, андан башка сөз жок.
Бирок, спортчуларыбыз мамлекеттин ушундай мышык ыйлаар абалына карабай болгон аракетин жумшап, жок дегенде ушулар өлкөнү эл аралык аренада намысын коргоп келе жатат. Болбосо, абийирибиз айрандай эле төгүлмөк. Дегенибиз акыркы бир айдын ичинде эле спортто чоң жетишкендик болду. Алгач күрөш боюнча Нур-Султан шаарында Айсулуу Тыныбекова чемпион болуп, кубанычыбызга чек жок болду, андан кийин эле ошол эле шаарда Абдурахман Муртазалиев грэплинг боюнча биринчиликти багындырды. Андан кийин медалдар мөндүрдөй эле жаады. Тазабек Икрамов, Мелис Турганбаев Тбилисиде күрөш боюнча ардагерлер арасында мыкты болушту. Ал эми десертке Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманы 7:0 эсебинде таш-талканын чыгарып, күйөрмандардын купулуна толуп отурат.
Мына, 28 жылдан бери келемиштер сатып келген баалуу металлдарды спортчуларыбыз ушинтип жыйнап жатат. Ийгилик силерге!
Булак: NazarNews.kg