www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин районунда каракчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ушул жылдын июль айында Кемин РИИБге 38 жаштагы И.Ж. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 8-июлда саат 15:00 чамасында 2 адам аны Токмок шаарындагы белгисиз үйгө алып барып, күч колдонуп, 44 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренесинин (Каракчылык) негизинде катталган.

"Кемин РИИБ тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында шектүүлөрдүн биринин өздүгү аныкталды. Ал Кызыл-Суу айылынын 41 жаштагы тургуну С.А. экени белгилүү болду. Шектүү Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда экинчи шектүүнүн өздүгүн аныктоо жана кармоо иштери жүрүүдө" - деп айтылат билдирүүдө

Булак: NazarNews.kg

Последние новости