www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан менен Ооганстан стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коёт. Бул тууралуу 17-сентябрда Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Азырынча документке качан кол коюлары белгисиз. Тажикстан буга чейин Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол койгон.
«Душанбеде өткөн жолугушууда Ооганстандын ТИМ башчысы Ханиф Атмар өлкөлөр стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында кызматташтыкты өнүктүрүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен программа иштеп чыкса болорун билдирди. Өз кезегинде тажик министри Сирожиддин Мухриддин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюуну кубаттады», — деп жазылган ооган ТИМинин билдирүүсүндө.
Тажик ТИМи эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу боюнча расмий билдирүүсүндө: «Тажикстан Ооганстан менен эки тараптуу кызматташтыктын укуктук чендерин бекемдөө жана кеңейтүү ниетинде. Азыр тараптар түрдүү тармактар боюнча кызматташтык тууралуу бир катар жаңы документтерди карап жатышат», — деп жазды.
Мындан тышкары мекеменин билдирүүсүндө Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын туруктуу жеткирүү жана анын көлөмүн көбөйтүү үчүн керектүү чараларды көрүүгө даяр экени белгиленген.
Тажикстандын «Барки точик» энергетикалык компаниясы 27-июлдан тартып Ооганстанга электр кубатын экспорттоону азайткан.
Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ханиф Атмар Душанбеге эки күндүк сапары менен барган. Бейшемби күнү аны президент Эмомали Рахмон кабыл алды.
Тажикстан «Талибан» кыймылын тааныбаган Ооганстандын жалгыз коңшусу болуп эсептелет. Өлкө дайыма Кабулдун бул радикалдуу топко каршы күрөшүн колдоп келген.
Булак: NazarNews.kg