www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо боюнча квалификацияны жогорулатуучу кыска мөөнөттүү окутуу курстарынын 33 угууучуларына сертификаттар тапшырылды.

Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо, интеллектуалдык менчик объектилерин сактоо, интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү эрежелери, авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу жана Кыргыз Республикасынын инновациялык тутуму түшүнүгү маселелери боюнча билим деңгээлин жогорулатуу кыска мөөнөттүү окутуу курстарынын максаты болуп саналат.

2017-жылдын 28-30-июнунда өткөн курстарда лекторлор интеллектуалдык менчик тутуму, эл аралык келишимдер, интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана сактоо ыкмалары, автордук жана чектеш укуктар жаатындагы укук бузууларга тыюу салуу жана Кыргыз Республикасында контрафактык продукциянын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет жүргүзүү жөнүндө баяндама жасашты.

Курстардын соңунда Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев угуучуларга курстан өткөндүгү жөнүндө сертификаттарды тапшырды жана мындан ары кызматташтыкты улантуу жөнүндө каалоосун билдирди.

“Күн сайын силер менен бизди бардык жерде интеллектуалдык ишмердиктин натыйжасы курчап турат. Бул биз кийген кийимдер, биз сатып алган продуктылар, белгилүү товардык белгилер жана жарнамалык продукциялар, биз колдонгон интеллектуалдык ишмердиктин натыйжасы болуп саналуучу технологиялар. Руханий өнүгүүнү дагы интеллектуалдык ишмердиктин продуктуларын колдонбой элестетүү мүмкүн эмес, алар адабий чыгармаларда, музыкада, кинодо жана башкаларда чагылдырылат”, - деди ал.

КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана Бажы кызматынын кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары жана УИАнын өкүлдөрү курстун угуучулары болушту.

Курстар 2017-жылы Кыргызстанда өткөрүлө турган “Антиконтрафакт-2017” Эл аралык форумун утурлаган иш-чаралардын алкагында болуп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости