www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ПРЕЗИДЕНТТИК ОРУН ООРУБУ?  Кыргызстанда демократия деп койсо эле, эл арасында "эшек дүрбүйт" болуп, ушул президенттик креслого жетсем деп чыккандардын саны азайбай келет. Талапкер болоордон мурда, ушулар өздөрүн күзгүдөн карап, артымдан Кыргыз элден айлансын, ага тууганым деле ээрчийби? -деп аңдабай эле адыраңдашат. Талапкерлердин баарынын ой жүгүртүүсү, сүйлөө манерасы жана алып жүрүүсү эл арасында сын гана жаратууда. Бир дагы талапкерге Элдин ичи жылып, ушул жигит же кыз Кыргызстанды жыргатат деген 100% ишеним жок. Бири, мыкчып кармап турган бийлигине таянса, бири байлыгына ишенип, элди сатып алам деп турса, дагы бири эптеп жеңиш оогон тарап менен сартча соода кылайын деп тургандар...Ал эми "кыш болбойт" деп дөөрүп элге таанылгандар бул компанияга кошулбай калса, башы ооруган оорукчан пациенттердин бири. Дал ушул категорияны Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун толуктайт. Ал экөөнүн күрөө коердогу бирөөсү оо дүйнө салган жубайынын машинасын сатам деп дөрүсө, экинчиси үйүн күрөөгө коюерун билдирип өз деңгээлдерин көрсөтүүдө. "Эми бөйрөгүмдү сатып президент болом деп дагы бир маскарапоз чыкпаса экен", деп олтурган чак. Биздин талапкерлерден аны да күтсө болот. Эгер эле элди ойлосо, ушулардын баары бийликке жетүүнүн гана аракеттин кылбай, чыныгы элди эрчитүүгө башкача ой жүгүртүп, топтон суурулуп чыкмак.. Аттиң, шорду элим дагы бир жолу шоруңар шорподой кайнап, Толубай сынчы ыйлагандай, туягы каттуу, таскагы алыска кетээр тулпардын жоктугу ай...

PS: 100% болбосо дагы жүрөгүмдө үмүттүмдү жандырган талапкерлер бар.. Бирок, аларга өзүнчө токтолом. Азырынча, Кыргызстандагы Президенттик кызматты шоуго айланткан маскарапоздор тууралуу жазгым келди. Андыктан, Урматтуу замандаштар мындай шуттарга көңүл бурбай эле койгон оң.

Гулмира Уметалиеванын Фейсбук баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости