www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, регулярдуу жыныстык байланыш организмдеги өнөкөт ооруларды алдын алууга өбөлгө түзөт. Жан-шериктер жумасына эң аз дегенде бир жолу интимдик мамилесин жөнгө салып туруусу абзел.
Жыныстык катнаш абдан пайдалуубу?
Окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, регулярдуу жыныстык байланыш организмдеги өнөкөт ооруларды алдын алууга өбөлгө түзөт. Жан-шериктер жумасына эң аз дегенде бир жолу интимдик мамилесин жөнгө салып туруусу абзел.
Жыт сезгичтик жакшырат
Жыныстык катнаштан кийин адамдын мээси, жыт сезгичтеги нерв клеткаларын активдештирүүчү пролактин гормондору көбөйөт.
Жүрөк ооруларын алдын алат
Окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, жумасына 3 жолудан кем эмес интимдик жашоо менен алек болгон адам жүрөк ооруларынан оолак болот.
Салмакты азайтып, организмге жеңилдик тартуулайт
Жыныстык катнаш - физикалык көнүгүү катары да эсептелет. Себеби, бул учурда дененин бардык бөлүгү активдүү кыймылда болот. Ошондой эле тестостеронду көбөйтүп, сөөктү жана булчуңдарды бекемдейт.
Депрессиядан арылтат
Интимдик жашоосун регулярдуу түрдө кармаган адам депрессиядан алыс болот. Себеби, төшөк оюну менен алек болууда адамдын организминде депрессияны алдын алуучу простоглан гормону бөлүнүп чыгат. Ал ооруну басаңдатууга жардам берет.
Суук тийүүдөн сактайт
Жыныстык катнашка жумасына эки жолудан кем эмес баргандардын иммунитети жыныстык катнашка аз баргандардыкына караганда 30%га жогору болот. Себеби, активдүү кыймылда болгон организм гормондорду көп бөлүп чыгарат. Ал иммунитетти бекемдейт. Ал эми иммунитети күчтүү адам суук тийүүдөн жана ар кандай оорулардан алыс болот.
Табарсыктын иштөөсү жакшырат
Интимдик жашоо –табарсыктын иштешин да жакшыртууга пайдасын тийгизет.
Дененин жана беттин териси жакшыртат
Интимдик мамиледеги ырахаттануудан улам адамдын организминде жашартуучу гормондор бөлүнүп чыгат. Бул теринин жылмакай болуусуна шарт түзөт.
Таза психика
Адамдын организми активдүү интимдик жашоо образын талап кылат. Табият берген нерсени тана албайбыз. Жыныстык катнаштын жоктугу адамдын психикасына доо кетирет. Себеби, керектүү гормондор иштелип чыкпай, адамдын болбогон нерсеге кыжырлануусу күчөп, стресске кабылат.
Кызыктуу фактылар:
Адам баласы жашоосунда 2580 жолудан кем эмес жыныстык катнашка барат;
«Интернет 40% эркектердин интимге болгон каалоосун жоготту» дешет окумуштуулар;
Эркектердин 19%ы гана никесиз жыныстык катнашка барышпайт жана 2%ы гана модель кыздарга үйлөнүүнү кыялданышат;
Гуам өлкөсүндө кыздардын абийири менен турмушка чыгуусу уят деп эсептелинет. Андыктан, ал жакта атайы «дефлоратор» деген кесип бар. Айрым уялчаак кыздар, дефлораторлорго акча төлөп, кыздык белгисин алдыртышат.
Индонезияда мастурбация менен алектенгендердин башы алынат.
Булак: "gezit.kg"