www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы бир ай ичинде ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен РФтин укук коргоо органдары өз мекенинде издөөдө жүргөн тогуз адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Алар ар кандай кылмыштарды жана укук бузууларды жасап таптырбай жүргөн.

Кармалгандар:

  • Жалал-Абад облусунун тургуну, 35 жаштагы Ж.Н. аттуу аял алдамчылык боюнча 2018-жылдын январь айынан бери Ноокен РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн;
  • Ысык-Көлдүн Тоң районунун 49 жаштагы тургуну Ш.М. дагы 2014-жылы алдамчылыкка шектелип изделген. 2021-жылдын февраль айында мамлекеттер аралык издөө жарыяланган;
  • Былтыр сентябрдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну, 40 жаштагы Г. А. аттуу аял да алдамчылык кылып таптырбай жүргөн;
  • 2019-жылдын сентябрь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 33 жаштагы К.А. аттуу киши да алдамчылыкка барды деп Ош ШИИБи тарабынан издөөдө жүргөн;
  • Нарын облусунун 38 жаштагы тургуну С.Б. былтыр ноябрдан тарта бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан деп мамлекеттер аралык издөөгө алынган;
  • 2019-жылдын октябрь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 65 жаштагы тургуну Д.А. уурулукка шектелген;
  • Баткен облусунун 55 жаштагы тургуну М.И. да алдамчылык кылды деп изделип жаткан;
  • Чүй районунун тургуну, 39 жаштагы Ж.У. майда бейбаштык үчүн Токмок ШИИБи тарабынан издөөгө алынган;
  • 2021-жылдын июнь айынан бери Жазык кодексинин "Куралды же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен тоноо" беренеси боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн 31 жаштагы К.Х. колго түшүрүлгөн.

Кармалгандарды мекенинде жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости