www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык аялдан тогуз килограммга жакын гашиш алынды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

Гашиш изъятый у гражданки Кыргызстана весом почти 9 килограммов. 26 июля 2021 года

Маалыматка караганда, милицияга 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунан Россиянын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Шектүү аялдын ким экени аныкталып, Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) белгилери менен каттоого алынган. 

Гражданка Кыргызстана, у которой изъяли почти 9 килограммов гашиша. 26 июля 2021 года

“Тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган Р.Н. аттуу аял кармалды. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 762 даана таңгакталган баңги каражаттары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 килограмм 930 граммды түзгөн гашиш алынды”, — деп айтылат маалыматта. 

Гашиш изъятый у гражданки Кыргызстана весом почти 9 килограммов. 26 июля 2021 года

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости