www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиядан Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасы келди. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, вакцина бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу келишимдин алкагында гуманитардык жардам катары берилген. Жүктү кабыл алуу иш-чарасына министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.
Sinovac менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар эмделсе болот. Вакцинанын биринчи жана экинчи дозасынын аралыгы 2-4 жуманы түзөт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы Кытайдын Sinovac-CoronaVac вакцинасын колдонууга уруксат берген. Бул эл аралык уюм жактырган экинчи кытай вакцинасы.
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Кыргыз өкмөтү 1-сентябрда калкты массалык эмдөө боюнча он күндүк акция жарыялаган. Учурда эмделгендердин саны 1,2 млн. ашты.
Булак: NazarNews.kg