www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында коронавирус ооруусу менен күрөшүүгө убактылуу оорукана 10 күндүн ичинде курулуп бүттү. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, “Хошэньшань” ооруканасы колдонууга берилди.

“Жаңы оорукананын бейтаптарын дарылоого 1 миң 400 аскер дарыгерлери дайындалды. 1 миң адам дарылана турган “Хошэньшань” ооруканасынын курулушу 23-январда башталган”,-деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус оорусунан каза тапкандардын саны 360га жетип, 17 миң адам ооруп жатат. Ошондой эле, вирус Кытайдан тышкары дагы 20 мамлкекетке тарады.

Коронавирус оорусу 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости