www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайга барып келген жарандарга  АКШ кирүүгө тыюу салды

Акыркы 14 күн ичинде Кытайга барып келген жарандарга АКШга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда,  АКШ коронавирустун күч алганына байланыштуу акыркы 14 күн ичинде Кытайга барып келген өзүнүн жарандарына жана чет элдиктерге өлкөгө кирүүгө чектөө киргизди.

Картинки по запросу "коронавирус"

АКШнын 7 аэропорту Кытай багытындагы рейстерди кабыл алып, жарандарды күчөтүлгөн тартипте тосуп алышат. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында Хубэй провинциясында болгон АКШнын жарандары милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүп, 14 күн карантинде кармалат.

Мындан тышкары, жогорудагы чектөө АКШда туугандары, тааныштары бар жарандарга жана учкучтарга карата колдонулары маалымдалды.Картинки по запросу "коронавирус""Эске салсак, Кытайда  коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 17000ге жетип, анын ичинен 360 киши каза тапты. 

Кытай дарыгерлеринин пикиринде, жаңы вирустун жайылышы дагы он күн уланып, андан соң абал турукташат. Бирок Гонконг университетинин адистери Кытайда бул илдетти жуктуруп алгандардын саны апрель-май айларында өтө көп болот деп болжолдошууда.

Эске салсак, адам организминде буга чейин кездешпеген вирустан улам,  дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат. Кыргызстан Кытай менен каттамдарды убактылуу токтотконун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости