www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-январда Тегеранда атылып түшүрүлгөн украиналык учактагы каза болгондорго Иран 80 миң АКШ долларын компенсация катары сунуштап жаткандыгын билдирип, Украина ал суммага макул эмес экендигин айтты. “Биз өзүбүз каза болгон украиналыктардын үй-бүлөлөрүнө 200 миң гривенден бөлүп бердик. Ал эми Иран тарап менен компенсация жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү оңой болбой турат.

Себеби, Иранга карата санкциялар бар. Бирок, баары бир эл аралык сот болот, компенсация төлөнөт”, -  дейт Зеленский.

 

Эске салсак, “Эл аралык Украина авиалинияларынын” учагы 8-январда Ирандын абадан коргонуу күчтөрүнүн ракеталык чабуулунан кийин атып түшүрүлгөн. Анда Ирандын коргонуу системасы украиналык учакты душмандын объектиси катары кабылдап, жаңылып ракета чыгарып алган. Анын бортундагы 176 адамдын бардыгы каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости