www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миллиарддерлер деле ыйлайт: Икрам ИЛМИЯНОВ

2020-жылдын жазынан баштап АКШнан келген 4 млрд 200 млн сомго таянып алышып, камалып жатышкан миллиардерлердин маалыматтары сайрай башташы мүмкүн. Ошол миллиардерлердин бири, машинанын рулун мамлекеттин рулуна айырбаштаган Икрам Илмиянов. Илмияновдун билими деле жок Женпедди «заочно» бүтүп, курсташтары ким экенин деле ьбилбейт.

Байлыктары: «БКС» курулуш компаниясы, 7-канал («Канал D» ЖЧКсы 2015-жылдын 25-ноябрынан), Түркия, Европадагы кыймылсыз мүлктөрү, Д.Садырбаев - Түштүк магистраль көчөсүндөгү рестораны, Катыраңдыда жүздөгөн топоздору бар фермасы,«ON1 канал», Конзавод айылында зоот букаларды баккан фермасы, тартып алган «Учур» гезити, Чүй-Белинский көчөсүндөгү элиталык батири жана башка расмий декларацияга кирбеген оокаттарын эсепке кошпой туралы.

Толугураагы: «ON1 канал» (11 канал азырынча Zor TV, Megaline жана Smart TV-Юг санариптик провайдерлердин линиясы аркылуу Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында тартат. Планы НТСтин катарына тургузуу. 2020-жылдын жазынан). 
Көп кабаттуу имараттарды, коммерциялык объекттерди куруп саткан  «БКС» курулуш фирмасы деп аталган курулуш компаниясы бар. Компаниянын башчысы К.Туманбаев Парламенттик шайлоодо СДПК партиясынын тизмесинде 66-сапта катышкан, эми алдыңкеы саптарда жүрөт дейт. Туманбаевдин Бишкекте наабай нан жаап жүрүп эле, анан кандайча «шоопурдун» оң колу болуп чыга келгендиги тууралуу өзүнчө узун кеп болот. Ал эми «БКСтын» дагы бир түзүүчүсү Камалов Нурланбек Бахридинович Оштун өзбек тектүү тургуну. Бир агасы Камолов Илхом Бахридинович Ош шаардык кеңешине шайлоого «Ата-Мекен» партиясынан катышкан. Башка бир тууганы Камолов Хуснуддин Бахридинович ишкер, 2010-жылдагы тополоңдо чыгым тарткан деп мамлекеттен жардам каражат алып жүргөн. Нурланбек Камаловдун Лейлектеги белгилүү «наркобарон», көмүскөдөгү «серый кардиналы», Исфана өзбектеринин анабашчысы, Илмияновдун жакын адамы Шухрат Камалов менен кандай байланышы бардыгы такталып жатат. 
«БКС» компаниясы Бишкектин Тынчтык проспектиси 97/4 дарегинде (Түштүк магистраль менен кесилишинде) заманбап кеңселери, соода түйүндөрү жана парковкасы менен көп кабаттуу элиталык турак жай комплексин куруп, былтыр эксплуатацияга берди. Имарат таза абалуу, элиталык деген райондо, «Акун» турак-жай комплекси менен «Биор» комплексинин ортосунда орун алып, 10 кабаттан турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости