www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда ок атылган эки куштун сүрөтү кызуу талкууланып жатат. Буга байланыштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн башчысы Туратбек Сатимбаев 3-августта бул балдарды издөө жана жоопко тартуу максатында Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгына маалымат жөнөтүлгөнүн жергиликтүү басылмага айтты.

Анын айтымында, сүрөттөрдөгү жигиттерди издөө иштери башталды.

Туратбек Сатимбаев кошумчалагандай, сүрөттө Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген ак кунас көрсөтүлгөн. Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтомуна ылайык (өзгөртүлгөн 2017-жылдын 18-августундагы № 51 токтомуна ылайык) жаратылышка келтирилген зыян ар бир ак кунас үчүн 30 миң сом төлөшү керек.

Анын айтымында, бул канаттуулар Жалал-Абад облусунда атылган болушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости