www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын борбору Киев шаарындагы банктардын бирин басып алып жардырам деп коркуткан Өзбекстандын жараны психикалык жактан оорулуу болуп чыкты. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министрлигинин орун басары Антон Геращенко билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Анын айтымында, 32 жаштагы Сухроб Каримов бала кезинен бери ооруп келген. Он жашында ага олигофрения диагнозу коюлган. Ошол эле учурда Каримов оорусун жашырып келген. Буга чейин анын кылык-жоруктарына эч кандай кылмыш иши козголгон эмес.
Эске сала кетсек, 3-августта Сухроб Каримов Киевдеги "Леонардо" бизнес борборундагы банктын филиалын басып алып, сумкасында бомба бар экендигин айткан. Ал банктан 40 миң гривен (1 миң 5 жүз АКШ доллары) жана журналисттер менен түз эфирде байланышууну талап кылган. Каримов өзүн "ыйык рух" деп атаган.
Булак: NazarNews.kg