www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматкерлери коронавирус илдетинен  каза болгон жарандардын элесин эскеришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. 

Өлкө президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин жарлыгына ылайык бүгүн, 30-июль улуттук аза күтүү күнү. 

Ушундан улам Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы кароновирус илдетинен каза болгон жарандардын элесин эскеришти. Анда Милициянын кайгуул кызматынын башчысы Исаков Алмаз Карыпович өздүк курамдын астында сөз сүйлөп жатып: "Дүйнөнүн  дээрлик бардык  өлкөлөрүн каптаган “COVID-19” аталышындагы  кароновирус илдети Кыргызстанга да таасирин  тийгизбей койгон жок. Анын кесепетинен жалпы республика боюнча 1347 жараныбыздан айрылып, эчендеген замандаштарыбыз оор абалда ооруканада жатып дарыланууда. Бул илдет жарандарыбыздын ден соолугуна тийгизген  зыяндуулугу менен гана чектелбестен, жалпы өлкөбүздүн социалдык экономикалык  абалына да терс таасирин тийгизди.  Бирок ошого карабастан өкмөттүн тынымсыз  күч-аракети менен, кайдыгер карабаган жарандарыбыздын ыктыярчылыгы  менен, ошондой эле укук коргоо жана медицина кызматкерлерибиздин күч-аракети менен бул илдетти жеңүүдө болгон күч-аракетибизди жумшоодобуз.          

Бүгүн кароновирус илдеттинен каза болгон жарандарыбызды эскерип жатып, алардын жакын туугандарына жана санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",-деди Алмаз Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости