www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвалык Вадим Захаряев Фейсбуктагы баракчасында Кыргызстандагы кырдаал жана элдин жүрүм-туруму жөнүндө ой бөлүштү. Ал кыргыз элинин биримдигине жана достугуна аябай таң калганын билдирди.

“Кыргызстандагы пандемия жөнүндө бир нече сөз. Албетте, мен кыргыз элинин ушул оор мезгилде ушундай иш-аракеттерди жасагандыгына таң калдым. Бардык адамдар биригишип, колунан келген жардамын беришти. Кимдир-бирөө обсервацияга  жай бөлүп берсе, башкасы ооруканаларды ачты, бирөөлөр азык-түлүк, даяр тамак-аш сатып алышса, бирөөлөр дары-дармектерди жана СИЗ сатып алышты, дагы башкалары арзаныраактарын издеп, жеткирүү жөнүндө макулдашты, акча чогултушту, атүгүл айрымдары кычкылтек жаздыктарын, концентраторлорду жана дары-дармектерди бекер беришти. Анын үстүнө, ушул оор мезгилде адамдар дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде болбосун, 100 сомдон 100 миң сомго чейин  акча чогултушууда. Ушундай өз ара ынтымактын жардамы менен кыргыз элинин келечеги кең болот. Эгер бүгүн өзүн көрсөткөн бул адамдар мамлекеттин башкаруусуна барышса, анда мамлекеттин келечеги болот. Антпесе, эч нерсе өзгөрбөйт”, - деп жазган Захаряев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости