www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Аравия бийлиги Меккеге зыярат кылууга баргандарды ыйык Кааба ташына колун тийгизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Ажылык жана умра иштери боюнча министрлигине таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Каабага колун тийгизүүгө жана аны өбүүгө тыюу салынат. Ыйык ташка жакындабаш үчүн тегерек чети тосулат.
Эске сала кетсек, ажылык сапарга баруу 28-июлдан 2-августка чейин болору айтылган.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Сауд Аравиясында 217 миңден ашуун адам COVID-19га кабылып, Араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда. Оорунун кесепетинен 2 017 адам каза болуп, 154 миң киши айыгып чыкты.
Булак: NazarNews.kg