www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке Белоруссиядан 182 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекенине кайтып келген жарандар "Avia Traffic Company" авиа компаниясынын Минск-Бишкек каттамы менен келишкен. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Беларустагы, Украинадагы элчиликтери жана Европа өлкөлөрүндөгү Кыргыз өлкөсүнүн агенттиктери тарабынан түзүлгөн.

“Каттамда Кыргыз жарандары менен бирге Беларусь, Украина, Австралия, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерланды, Польша, Франция жана Щвейцариядан студенттер келишти", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости