www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Орто-Сай базарынын буюм-тайым бөлүмүнүн ишкерлери жана салык төлөөчүлөр карантинге жабылууну талап кылышууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кайрылуусунда айтылат.

«Кулун-Ата» базарынын ишкерлеринин айтымында, карантин аяктаган соң Орто-Сай базары ачылгандан тартып соода-сатыктын деңгээли кескин түрдө түшүп кеткен. Июнь айында түшкөн каражат жада калса салык жана ижара акысын төлөөгө дагы жетпейт. Ишкерлердин көбү насыя алып иштетишет, айрымдары квартирасын ижарага алып жашашат жана балдарын бага аллбай аткан жалгыз бой энелер бар.

Учурда Кыргызстанда коронавирус инфекциясы күч алып, илеттин айынан көз жумгандардын саны көбөйүп жатат. Андыктан биз базарды жабууну талап кылабыз.

Эгер биздин талап аткарылбаса биз өзүбүз карантинге жабылабыз. Жер салыгына, ижара акысына жана патенке эч кандай акча төлөбөйбүз. Эгер өкмөт бизди жана өзүнүн жарандарына кам көрбөсө, биз өзүбүз өзүбүзгө жана башкалар өздөрүнө кам көрсүн», — деп айтышкан ишкерлер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости