www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 15-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:45де Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 26 жаштагы Н.С. учтуу нерседен жараат алып, анын жансыз денесин Ноокен райондук ооруканасына алып келишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады. 

Окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу, прокуратура кызматкерлери чыгышып, кароо жүргүзүлүп, кара түстөгү бычак далил буюм катарында алынган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ноокен РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыш ишинин изи суутпай ачылып, шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1993-ж.т. С.Ш. кармалып, 2 айга камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 15-октябрына караган түнү Ноокен районунун тургундары 1993-ж.т. С.Ш., 1994-ж.т. Н.С. жана башка бир топ балдар менен биргеликте талаага эс алууга чыгышып, спирт ичимдигин ичишкендиги белгилүү болгон. С.Ш. менен Н.С. экөө ойноп күрөшүп жатышып урушуп кетишкендиктен. С.Ш. ошол жердеги азык-түлүк туураган бычакты эч кимге билгизбей алып, Н.С.нын арткы тарабына бир жолу сайып жиберген. Натыйжада алган жараатынан улам Н.С. окуя болгон жерден ооруканага жетпей каза болгондугу такталган.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.  

 

Булак: NazarNews.kg

 

  

 

 

 

Последние новости