www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогоку Кеңештин расмий сайты хакердик чабуулга кабылды. Бул маалыматты парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова дагы тастыктады.

Куралбекованын айтымында, учурда сайттын ишин жөнгө салуу боюнча иштер аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Kenesh.kg сайтына киргенде "бул сайт The Black Pirate тобунун көзөмөлүндө" деген жазуу чыгып жатат.

"Логин, паролдор, жеке маалыматтар, телефон номерлер, почталар жана алардын паролдору, ошондой эле бир нече мамлекеттик органдардын сайттары биздин көзөмөлүбүздө. Бизде Кыргызстандын жарандарынын маалымат базасы дагы бар", — деп ЖКнын сайтына жазылган.

Ошондой эле хакерлер жарандардын жана мамлекеттик кызматчылардын жеке маалыматтары сыртка чыгып кетпеши үчүн 10 миң доллар талап кылышаарын жазышкан. Ошондой эле акча которууга бир күн убакыт берилген, тагыраагы, 20-октябрь Москва убактысы боюнча саат 12:00гө чейин деп көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости