www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокенде коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлады .

Билдирүүгө ылайык, Ноокен РИИБдин кызматкерлери санэпидкөзөмөл борборунун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы профилактикалык иштерди алып барышууда. Карантин эрежелеринин сакталуусу, коомдук жайларда жарандардын медициналык каражаттарды колдонуусу текшерилүүдө. Кочкор-Ата шаарындагы базарларда, соода жайларында санитардык талаптардын сакталуусу көзөмөлгө алынып, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмалары коюлду.

Район аймагындагы коомдук тамактануучу жайлардын абалы текшерилип, иштөө убактысына чектөөлөр коюлду. Жарандардын тамактануу учурунда аралыкты сактоосу, ашканалардын кире беришинде антисептикалык каражаттардын болуусу керектиги белгиленди.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды азыркы кырдаалга кайдыгер карабооого чакырышууда. Жугуштуу илдет күч алып жаткан мезгилде ар бир атуул жоопкерчиликтүү болуп, айтылып жаткан эрежелерди так сактоо зарылдыгы жеткирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости