www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путиндин "Киргизский народду" мен багып келатам, дегенине... жана айрым кебезбаштарга берген жообум: Путин айтат, «биз Киргизияга ушуга чейин, ушунчалык жардам берип келдик, 100 дөгөн млндорду берип келдик...кыскасы булар бовойт экен», дегендей эле сүйлөп коюптур. А биздин, кебезбаш, кулмүнөздөр болсо, олтуруп алып, туура да, бизге ар дайым жардам берип келет, бизди жакшы көрөт, дегендей эле күлкү келээрлик, комментарийлерди жазып олтурушат. Биз анын, энесинин эгизи белек не? Мына, төмөндөгү графикалык сүрөттү карап койсоңуздар. РФ кимге канча, кандай мамиле кылып келатканын, толук түшүнүп аласыздар.

Бизге, эч кандай пачкалап акча берген эмес, бербейт дагы. Ушуга чейин 1 жолу 240 млн$ кечкен эле. Бул жерде, жалпы 489 млн$ деп жүрөт, билбейт экенмин, 249 млн $ кайдан чыкты? Такташ керек экен.

Туура, берип турат кээде, 10-20-30 млн $ лап. Былтыр 30 млн$ берген. Бул деген сумма, мамлекеттик деңгээлде тыйын эле. 30 млн$ ды 6,5 млн элге таркатып берчү болсок - 4 $ дан тиет. Акыркы убакта 500 млн$ бергенбиз дейт. Ал 500 млн$ Кыргыз Орус Фондуна берилген акча. ЕАЕБ алкагында. Бизге берилген бекер акча эмес ал деген. Тескерисинче биз пайызын кошуп,көбөйтүп төлөп атабыз. Көзөмөл башында өздөрү. ЕАЕБге кирсеңер 1 млрд$ беребиз деп, бербей койушкан аны дагы. Ошондуктан туугандар, океңдин жомокторуна ишене берип, кебезбаш болгонду токтотсок мындай. Ана Африка өлкөлөрүнө 20 млрддап берип атат, кечип атат. Болуптур ошол, жалпы - 489 млн$ ды 6,5 млн элибизге бөлөлүчү = 75 $ же сомго 6 миңден тиет экен. Антип оозун толтуруп сүйлөй бербеш керек ал киши. Мен багып атам силерди дегендей эле кылып…Тескерисинче биз аларды багып, байытып атабыз анын досторун!

КР дагы күйүүчү май бизнесин орустар100% монополияштырып алышкан. Биздикилерди бүт бонкрот кылып, өздөрүнүн АЗСтерин да толтура, куруп салышкан. КРдагы - 85% АЗС ошолордуку. Кыскасы, күйүүчү май атпайды бүт, өздөрү киргизип, өздөрү сатышат.

Нефтисинин бочкасын биз - 109 $ дан сатып алабыз. Пошлинасы менен 169$. ЕАЕБке кирдик го, пошлинасыз бербейсиңби десек, кийинчерээк, 25-жылдан кийин деп коюшат. Дүйнөдө нефтинин бочкасы 12-19$ болуп атса деле. Кошуна РК, УзбР, Түркмөнстан жб дан алалы десек, жок дейт, бизден кымбатка алышыңар керек.

Боордош казактар, 3 ири нефть кайра иштетүүчү заводун модернизациялап, ашыкча көп бензин, солярка чыгарып башташкандан бери, майын кайда сатаарын билбей, Авганистанга чейин, жеткирип берип атышат. Алгыла, пошлинасыз, арзан беребиз дешсе, жок, биз ала албайбыз.

Эми газ өзүнчө тема. Кыргызгазыбыздын пакеттерин АША /Алмазбек Атамбаев/ 100% белекке берип койгон үчүн, бул система дагы 100% океңдин колунда. Түштүгүбүзгө УзбРнан, түндүгүбүзгө РКдан 1000 кубун 80-85 $ деген, дүйнөлүк баа менен алып, бизге 248 $ дан сатат.

Булардын кысымынын негизинде, өзүбүздүн нефтетрейдерлер дагы, бүт, дээрлик аутсайдерлерге айланып калышкан. Алардын продукциясына талаптар жокко эсе. Ири нефти иштетүүчү заводдорубуз бар, Кудайга шүгүр. Нефтибиз деле бар, өзүбүзгө жетиштүү, бирок, максат, аларды өстүрбөш керек.

Бензиндин кымбатчылыгын кесепетинен КР га РКдан контрабанда кирет. Мунун негизинде, КР өкмөтү жылына 3-4 млрд сом, салыктан кур жалак калат.

Кыргызгазды алып атканда, кокуй биз силердин чирип калган, газ инфраструктураңарды- 100% жаңылайбыз, ага, 5 жыл убакыт кетет дешкен. Элди сооротуш үчүн. Жок, азырга чейин ошол, эски эле труба-трассалар аркылуу, соодаларын сопсонун эле, кылып келатышат.

Газпром-Бишкекке, заманбап, укмуш мектеп куруп беребиз деп да, сүйүнтүшкөн. Мына, куруп бүткөндөн соң, жок, айына 22 миң сомдон акча төлөп окуйсуңар, обьект биздики деп чыкты. Бишкек мэриясы аларга ишенип- 3,5 ГА жер бөлүп беришкен. Спорт комплекс да куруп, ал деле, ушул эле гөй.

КР авто ээлери, күнүнө 30 миң тоннадан ашык бензин, солярка жагышат. Бул деген күнүнө млрд деген сомдор, океңдин капчыгына шытырап түшүп атат деген сөз. Мен мисалы күнүнө 500 сомго куям, орустун бензинин. Кимдир-1000-2000 сомго чейин куят.

Эми, өзүңүздөр талдап көрүңүздөр, ким-кимди багып аткан экенин?

Жылына 60 млн$ расмий контракт төлөп жана авиокерасин, жумуш орду болуп атып, жылына КР бюджетине - 200 млн$ дун тегерегинде киреше берип аткан - Гансини чыгар деп, жанды койбой атып, чыгартып тынышкан. А өздөрүнүн КР да, 4 аскер базасы дислокацияланган. Кант, Кара-Балта, Кара-Кол, Майли-Суу. Канттагысы гана жылына - 4,5 млн$ төлөйт, калганы бекер турат. Канча деген жаратылышыбызды булгап. Аба, Ысык-Көлүбүз булганып атат? Кээде, эскирген аскер техникаларын берип койушат. А ушунча дос экенбиз, аларды сыйлап, Гансини чыгардык, жок дегенде, Ганси төлөп аткан сумманын жарымын төлөбөйбү -100 млн$? Мейли, жок дегенде 40 - 50 млн$. Жок, 4 базага 4,5 млн гана төлөш керек.

Камбар-Ата ГЭСиңерди куруп беребиз деп, келишим түзүп алып, аны да аткарбай койушту. 4 жылдан кийин Атамбаев ачууланып, макулдашууну денонсациялап салса, сотко берип, мойнубузга 37 млн$ илип койушту. Ал эми, жалаң орустун кызыкчылыгына кетип аткан, өлкөбүздөгү: тамак-аш продукциялары, курулуш материал, кийим-кече, автоунаа маселелерине өтпөй эле коелу. Алар өзүнчө бир чоң тема.

Туура түшүнөлү: бул жерде кеп, жалпы орус эли жөнүндө эмес, тек гана, алардын сасык, ыплас саясаты, бийлиги жөнүндө. Жаман-жакшы адам, бүттүгүндө бар дегендей эле, орус эли деле, так ошондой. Айрыкча, жакшылары дээрлик көп десем да болот. РФ нын көп жеринде болгонмун. Менталитети, жашоосу жагынан бизге окшош эле, моюнга алчу жагдай...керек болсо, анча-мынча сапаттары, биздикинен жогору десем да, жаңылышпасам керек.Ошондуктан, жалпы орус улутуна шек келтиргенибиз болбойт. А дегеле жакшы билесиздер, эч бир улутту, жалпылап жектеген туура эмес. РФ бийлик, иерархиясында тек гана, тоталитардык, автократиялык-олигархаттык жана адилетсиздик режимдери, өтө катуу орноп, тамырлашып алгандыктан, орус элине бизден өтүп кыйын.

Дүйнөндөгү жаратылыш байлык ресурстарынын 60% ынын ээси РФ эли болгондугуна карабастан, 70-80% ы өтө жакыр жашашат. Дагы айта кетчү нерсе, орус эли менен алаканы таптакыр үзүш керек, деген, ойдон да алысмын, а дегеле эч бир мамлекет менен касташпай оокат кылганыбыз оң. Болгону, менин кааларым: бизде, кебезбаштык, кул мүнөздүк, деген сапаттар таптакыр жоюлуп, улуттук баалуулуктарыбызды, эгемен-мамлекеттүүлүгүбүздү жана башка жеке кызыкчылыктарыбызды, ар дайым баарынан жогору койуу, жана дүйнөдөгү баардык өлкөлөр менен бирдей, жылуу-жумшак дипломатиялык, өнөктөштүк мамиледе болуу.

Кумарбек Калбаев

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости