www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Улуттук банкы 23-октябрда ишин баштаган «Саноатсодиротбанк» мамлекеттик банк экенин билдирди.

Жаңы банктын жетекчилиги “Фейсбуктагы” расмий баракчасында алар өз ишин жергиликтүү ишкерлерди колдоо менен баштай турганын жазды.

«Саноатсодиротбанктын» төрагалыгына Хокимшо Бобозода дайындалган. Ал буга чейин «Амонатбанкта» иштеген.

Тажикстанда соңку беш жылдан бери банк кризиси күч алууда. Эки банк банкрот болуп калган. Сентябрда Эл аралык валюта фонду дагы эки банкты -- «Тажиксодиротбанк» менен «Агроинвестбанкты» жоюуну тапшырган.

Эки банк тең 2015-жылдан бери каатчылыкты башынан кечирип, кардарларынын аманаттарын кайтарып бере албай келишет. 2016-жылдын аягында бийлик бул банктарга 3,3 миллиард сомони өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн, бирок бул аларды кризистен чыгара алган эмес.

«Агроинвестбанк» аманатчыларынын депозиттери боюнча 730 миллион сомониден ашык карызын төлөй албай келет.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда 70тен ашуун кредиттик уюмдар жана 17 банк бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости