www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоонун уюштурулуучу негизги иш-чараларынын календарлык планын бекитти.

Жыйында, тиешелүү мыйзамдарга ылайык, шайлоо аракеттеринин өткөрүлө турган мөөнөтү чейрек убакытка кыскартыла турганы белгиленди.

Ошондой эле аталган өнөктүккө катышууну каалаган талапкерлер 7-декабрга чейин (эң акыркы мөөнөт 6-декабрь, саат 24:00) БШКга тиешелүү документтерин тапшырышы керек.

Эске салсак, буга чейин комиссия президентти шайлоо 2021-жылдын 10-январында болорун айткан эле. Кийинчерээк бул датаны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да тастыктаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости