www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине каршы даттанат. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү күнүн 20-декабрга белгилеген. Бирок Биринчи май райондук соту 24-декабрда БШКнын ал токтомун жокко чыгарып салган.

"Учурда кийинки инстанцияга даттануу боюнча документтер даярдалып жатат", — деп билдиришти маалымат кызматтан.

Конституция боюнча, парламенттик шайлоону кайра өткөрүү эки айдын аралыгында уюштурулушу шарт. Бирок Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алган. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.

Эске салсак, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 48ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости