www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги “Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев менен эл арасында талкуу жаратып жаткан маселелердин алкагында баарлаштык.
-Төлөгөн мырза, коомчулукта чоң талкуу жараткан чукул конституциялык реформа эмнеге алып келиши мүмкүн? Садыр Жапаровдун Баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат дегенине ишенсек болобу?
-Азыркы кырдаалда конституциялык реформа жүргүзүүнүн ордуна парламенттик шайлоону өткөрсөк туура болмок. Анткени, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо жараксыз деген Борбордук шайлоо комиссиясынын чечим чыккандан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын талабына ылайык, шайлоо өнөктүгүн өткөрүү керек болчу. Тилекке каршы, Парламент шайлоону токтото туруу жөнүндө, өзү билемдик кылып конституциялык мыйзам кабыл алышты. Баш мыйзамга кандай өзгөртүү киргизилет, өлкөнү башкаруу системасы кандай болот? Конституциялык реформа жүргүзүүгө тажрыйбалуу юристтерден турган жумушчу топ түзүлүп, конституциянын долбоорун даярдап, коомдук талкууларга коюшу керек эле...
-Адахан Мадумаров “Садыр Жапаров Башмыйзамды одоно бузган чечимдерди кабыл алып, жоопкерчилиги чоң, кайнап турган казанга түшө турган жолду тандап алды”- деди. Бул сындын жөнү барбы?
-Бул Адахан Мадумаровдун жеке пикири. Садыр Жапаровду азыр сындоо эрте, аткарган, жүргүзгөн иштерин эл көрүп турат. Конституциялык реформаны кийинки келе турган парламент жүргүзүш керек болчу. Анткени өткөндөгү шайлоодо ушул 120 депутаттын 100го жакыны шайлоого катышып, мыйзамдарды тебелеп, өлкө укуктук талаадан чыгып, натыйжада президент, Өкмөт кызматтан кетишине алып келди. Бул депутаттардын азыркы учурда мыйзам кабыл алганга өлкөнүн башкаруу системасын аныктаганга моралдык укуктары жок. Азыркы депутаттардын көпчүлүгү “Биримдик”, “Кыргызстан” партияларынын башында турган, добуш урдаган, добуш сатып алган саясий ууру депутаттар.
-“Садыр Жапаров шайлоолорду токтотуп, өзүм падыша, өзүм прокурор, өзүм сот, өзүм өкмөтмүн! Мен! Менден башка эч ким жок деген позицияга, жолго түшүп алды” деген дооматтарга кандай жооп кайтарасыз?
-Садыр Жапаров ар бир сөзүн ойлонуп, ар бир кадамын туура тандай турган мезгилде. Акыйкаттыкка, чындыкка жетпеген эл, өлкөбүздүн оор күндөрүндө элдин колдоосу жана тандоосу менен бийликке келди. Мындай чоң ишенимди жоопкерчилик менен иштеп бериши керек. Айланасына стратегиялык көрөгөч кеңешчилерди алып, ар түрдүү маселелерди кеңешип чечимдерди кабыл алганы оң. Буга чейинки бийлик башында турган адамдардын негизги кемчилдиги болгон.
-Неге Садыр Жапаровдун ар бир аракетинен айрым саясатчылар шек санай баштады?
-Садыр Жапаровдун ар бир аракетинен шек саноо күч алды дегенге кошула албаймын. Азыркы кырдаалда эски, жаңы бийлик аралашып, бири биринен чочулоо менен иштеп жатышат.
-Акылбек Жапаровдун коомдук кеңешчи болдум деп Садыр Жапаровдун командасымын деп парламентте жана талкуу болгон жерлерде сүйлөгөнү туурабы?
-Президенттин коомдук кеңешчилери айлык албайт жана алар ар түрдүү тармактан болот. Өз кесибине ылайык тармак боюнча гана президентке кеңеш гана бере алышат. Акылбек Жапаровдун парламентке жана массалык маалымат каражаттарына президенттин командасынанмын деп расмий түрдө чыгып сүйлөгөнгө укугу жок. Мындай укугу жок экендигине карабай Парламентке барып сүйлөп, депутаттар куттуктап, анын пикирин угуп жатышат.
Булак: NazarNews.kg