www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Манас» эпосу күнүн утурлай манасчылар менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдириди.

Жолугушууда Артем Новиков кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, анын эң көрүнүктүү образы «Манас» эпосу болуп саналарын белгиледи. 

«Дүйнөдө архитектуралык, тарыхый, археологиялык баалуулуктар менен байыркылыгын далилдеген ар кандай маданияттар бар. «Манас» эпосунун уникалдуулугу - теңдеши жок жана дүйнөлүк маданиятта өзгөчө орунду ээлеген улуу мурас. Ал баштагыдай калыбында жашай берет. Бул муундарды тарбиялаган билим сандыгы. Эпос өлкөбүз үчүн оор мезгилде, мисалы, пандемия учурунда бардыгыбызды бириктире алат. Ошондой эле жакында бүткүл дүйнөнү кызыктырган окуяны белгилегим келет. Дөөлөт Сыдыков «Манас» эпосун 14 сааттан ашык тынымсыз айтты. Бул Гиннесстин рекорддор китебине киргизилет деп үмүттөнөм, аны менен бул өнөрдүн уникалдуулугу дагы бир жолу баса белгиленет», - деди ал. 

Баарлашуу учурунда манасчылар чыгармачылыкта туш болгон маселелер жөнүндө айтып беришти. 

Маданий мекемелерде манасчы штаттык бирдигинин жоктугу жана «манасчылардын» макамы жөнүндө сөз болду.

Артем Новиков «Манас» эпосун колдоо жана жайылтуу боюнча беш жылдык улуттук программа иштелип жатканын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айтылган маселелерди чечүү үчүн күч-аракет жумшайт деп ишендирди.

Премьер-министрдин м.а. манасчыларды дагы бир жолу «Манас» эпосу күнү менен куттуктап, Талас шаарында «Манасты» үзгүлтүксүз эки күн айтуу иш-чарасынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости