www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дари Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Санжарбек Энназаров президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал БШКга президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Буга чейин Акжолтой Тукунов, Арсланбек Малиев, Базарбай Темишов, Жамбылбек Камчиев, Адилет Маматов, Бакытбек Жумагулов, Азамат Эсенбеков, Абдыкаар Сыдыков шайлоого катышуудан баш тартышкан

Эске сала кетсек, Санжарбек Энназаров белгилүү ырчы Айнура Салахидинованын жолдошу. Жубайлардын ортосунда 2 уул, 1 кызы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости