www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын 25-майында, «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу линейкалары Нарын облусунун 141 мектебинде өткөрүлдү.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы мектептин "Акыркы конгуроо" аземине катышып, келечек ээлерине  ийгилик каалоо менен бирге, окуунун алдынкыларына ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой эле облустун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин окуу жылдагы жыйынтыктарын белгилеп, ийгиликтери менен катар көйгөйлөрүнө дагы токтолду. Ата-энелерге мугалимдер менен биргеликте иш алып баруу зарыл экенин билдирип, балдардын билим алуусуна өзгөчө көңүл бөлүүгө чакырды.

"Мектеп - бул билим уясы. Адам келечегинин пайдубалынын түптөлүшүнө бирден бир себепчи. Андыктан, мектептерде билим сапатын көтөрүү зарыл болуп турат. 

Акыркы жылдары Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖТР) катышкан бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 110 баллдан жогору алгандардын пайызы өсүүдө. Мисалы, 2014-жылда 30,7%ды түзсө, ал эми 2016-жылы 54,4% түздү.

Ал эми билим сапаты боюнча 2013-2014-окуу жылында 46,9% болсо, 2015-2016-окуу жылында 50,2% түздү. 

Бирок, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына тапшыра келгенде үмүттөр акталбай калууда. Өткөн окуу жылында облус боюнча «Алтын тамгага» тапшырган 95 окуучунун 9у өтсө, быйыл билимин сыноо үчүн катышкан 102 окуучунун 11и гана же10,7 пайызы ага татыктуу экенин далилдеди”. 

А.Кайыпов билим сапатын көтөрүү максатында 2017-жылдын март айында облустук мугалимдердин Коомдук кеңешин түзүү демилгесин көтөрүп, коомдук кеңеш алгачкы кадамын жасап баштаганын билдирди. Алардын бири катары, мугалимдердин иш жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында «Апыш Койчуманов жана Көкөбай Мамбеталиев атындагы кайрымдуулук фонд» түзүлгөнүнмаалымдады. “Маалымат катары айта кетейин, агартуучулар арасында Кыргызстан боюнча «Социалисттик Эмгектин Баатыры» наамын 2 гана мугалим алган болсо, экөө тең Нарын облусунан. Булар Апыш Койчуманов жана Көкөбай Мамбеталиев. Бул биз үчүн чоң сыймык. 
Андыктан, урматтуу агай-эжелер, ата-энелер, балдардын билим алуусуна көңүл бөлүп, туура тарбия берүүгө умтулуңуздар. «Көздүү мончок жерде калбайт» дейт элибизде.", - деп облус башчы сөзүн жыйынтыктады.

Быйылкы окуу жылы облустун 141 мектебинде 57 миң 112 окуучу билим алып, аларга 5847 мугалим билим, тарбия берүүдө. 
2016-2017-окуу жылын 8 миң 351 окуучу аяктап жатат. Анын ичинен 4 миң 887 окуучу 9-класста, 3 миң 464ү 11-класста окугандар.

Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости