www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көптөн бери күттүргөн КСДП президенттикке өз талапкери катары Сооронбай Жээнбековду тандады. Ага чейин Иса Өмүркулов же Чыныбай Турсунбеков көрсөтүлүп калышы мүмкүн экенин кыйытып жүрүшкөн. Ал тургай талапкер тандоого келгенде КСДП үч топко бөлүнүп, өздөрүнүн топ башчысын сүрөөнгө алып жатканы айтылбады беле. Чыныбай Турсунбеков да радиодон түз эфир аркылуу суроолорго жооп берип жатып, балким мен болуп калышым мүмкүн деген эле. Бул жооп КСДП ичинде так талашка түшкөндөр оголе көп болгонун тастыктайт.

Сокеге токтолгону менен башкаларынын ичи өтүп жатканын айттырбай, суроо салдырбай эле билсе болчудай. Неси болсо да КСДП талапкерине токтолду. КСДПнын тонунан чыккан партиялар Шариповичтин талапкери үчүн чуркап иштейби? Же алар орто жолдо оюн салып, башка тарапка оодарылабы? “Кыргызстан” деген партия бар, аты эле укмуш. Бирок, заты жок. Бул партия өз алдынча кете албай турганын, дарамети жок экенин эбак эле көрсөткөн. Ушул партиянын чечими кандай болот? Эми Шариповичтин ордун ким басат деген маселе курч болуп турат.

Соке шайлоого аттанганын парламенттин алдында айтып, премьерликтен кете турганын ачыктаса, Аткаруу бийлигинин башчысына жулкунгандардын ортосунда талаш жаралат. “Бир Бол” менен “Кыргызстан” бул сапар премьерлик орун үчүн соода жүргүзбөйт деп айтуу кыйын. Алар да шайлоо алдында бир нерсеге ээ болуп калгылары келет. Президенттик аппарат Өкмөт башчынын ордуна Сапар Исаковду көрсөткөнү даярданып жатканы маалым. Бирок, парламент Сапарды Өкмөт башчылыкка беките алабы? Бул чоң маселе.

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости