www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Олимпиаданын узак тархында кыргызстандыктардын орду кандай?
1992-жылы Барселона олимпиадасында СССРдин курамында болуп келген мамлекеттер КМШ курамасы деген ат менен бирдиктүү команда катары катышкан. Кыргызстан андан кийинки учурларда Азия жана дүйнө чемпионаттарына, олимпиада оюндарына өз бетинче катышып келе жатат.
Кыргызстандык спортчулардан алгачкы олимпиадачы катары ат спорт чебери Сайботтал Мурсалимовду атаса болот.
Ат оюндары
Ал 1960-жылы Римде өткөн XVII жайкы олимпиадага катышып, кыргыз олимпиадалык кыймылына жол ачкан дейт иликтөөчүлөр. Сайботтал Мурсалимов 1964-жылкы Токио олимпиадасына да катышкан.
Андан кийинки олимпиадалык оюндарда да кыргызстандыктардын ысымдары аталган. Жөө күлүктөр Леонид Иванов, Отто Барч, Вера Корсакова, Валентина Чичаева, суучул Ахмед Анарбаев олимпиада оюндарынын катышуучулары катары атын калтырышты. Бирок алар мелдештерде алгылыктуу ийгиликтерди камсыздай алышкан эмес.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныбек Осмоналиев
1980-жылы Москвада өткөн XXII жайкы олимпиадалык оюндарда кыргызстандык оор атлетчи Каныбек Осмоналиев Олимпиада Оюндарынын чемпиондугун жеңе алган. К.Осмоналиев 52 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, булкуп көтөрүүдө (рывок/snatch) 107,5 кг, ал эми түртүп көтөрүүдө (толчок/clean and jerk) болсо 137,5 кг жүк көтөргөн. Жалпысынан 245 кг жүк көтөрүп, өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңырткан.
Ушул эле жылы СССР курамасында кыргызстандан барган мерген Александр Мелентьев, жеңил атлетчилер Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, ат спортчусу Александр Блинов олимпиада чемпиондору аталышкан. Бардыгы болуп бул Олимпиадада кыргызстандыктар 5 алтын медаль жеңип алышкан.
Ушул эле Москва олимпиадасында 42 км.195 метр марафондук жарышында кыргызстандык жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров марага үчүнчү келип, коло байгенин ээси болгон. Сатымкул Жуманазаров 42 км 195 м аралыкты 2 саат 11 мин 16 секундада чуркап өткөн. Бул окуя советтик марафончулардын олимпиялык жарышка катышуу тарыхында биринчи жолу 3-орунду ээлеп, коло медалды жеңип алган учур катары катталган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жөө күлүктөр
1988-жылкы Сеул олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Мария Кулчунова менен футболчу Сергей Фокин олимпиада чемпиондору аталган.
1992-жылы Испаниянын Барселона шаарында өткөн XXV жайкы олимпиадада кыргызстандык гандболчу Талант Дүйшөбаев менен баскетболчу Елена Баранова олимпиаданын туу чокусун багындырып, алтын меалды утуп алышкан.
1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн XXVI жайкы олимпиадага Кыргызстан эгемендүү өлкө катары биринчи жолу өз желеги астында ат салышкан.
2000-жылы Сиднейде өткөн XXVII жайкы олимпиадада дзю-до күрөшүнөн Айдың Смагулов аттуу кыргызстандык атлетчи Кыргызстанга коло байгени утуп берген.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канат Бегалиев
Ал эми 2004-жыл Афинада өткөн жайкы олимпиада оюндарында Кыргызстанлдык улуттук команда ийгиликсиз кайтышкан.
2008-жылдагы Пекин олимпиадасында Кыргызстан 205 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээледи. Бул оюндарда кыргызстандык балбандар көрүнө алышты. Грек-рим күрөшүнөн 66 килограмм салмактагы Канатбек Бегалиев финалда француз балбаны Гуенот Стиф менен кармашып жеңилип калган. Бирок ал кыргызстанга күмүш байге алып келди.
Ушулэле олимпиада оюндарында Руслан Түмөнбаев 60 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча кубалык Роберто Мондозду 7:1 эсебинде жеңип, коло медалды багындырган. Бул окуялар кыргызстандын олимпиадалык тарыхындагы бурулуш катары саналган эле.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Руслан Түмөнбаев, Пекин олимпиадасы, 2008-жыл
Кыргызстандын улуттук олимпиада комитети 1991-жылы түзүлгөн. Улуттук олимпиада комитети учурда отуздан ашуун спорт федерациянын башын бириктирип, Азия, олимпиада оюндарына Кыргызстандын командасын алып барган коомдук уюм болуп саналат.
Кыргызстан Олимпиада оюндарындагы жетишкен медалдары
Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон кийин, биринчи жолу 1994 жылы Лиллехамердеги кышкы олимпиада оюндарына катышкан, жана ошондой эле азыркы учурда да бардык Олимпиадалык оюндарга катышып келет. Ал эми жайкы Олимпиада оюндарына 1996 жылдан тартып катышып баштаган.Себеби Кыргызстандын спортчулары Бириккен командалардын курамына кирген, мурда 1952 жылдан - 1992 жылга чейин СССРдин туусунун алдында катышкан.
Көз карандысыз команда бардык оюндарында активдүү катышып келет,Кыргызстандын спортчулары азыркы учурда 3 олимпиадалык медалын тагынган (1 күмүш жана 2 коло).Бардык медалдар жайкы олимпиада оюндарында алынган.
Кыргызстан спорт жагына көп көңүл буруп.Акыркы жылдары Олимпиадалык оюндарга мыкты спортчуларын даярдап баштаган.
Медалчылар
Медалдар |
Спортчулар |
Оюндар |
Спорттун түрү |
Дисциплиналар |
Айдын Смагулов |
эркектер, 60 кг чейин |
|||
Канатбек Бегалиев |
эркектер, грек-рим күрөшү, 66 кг чейин |
|||
Руслан Түменбаев |
эркектер, грек-рим күрөшү, 60 кг чейин |
Жайкы Олимпиада оюндары
Оюндар |
Алтын |
Күмүш |
Коло |
Баары |
0 |
0 |
0 |
0 |
|
0 |
0 |
1 |
1 |
|
0 |
0 |
0 |
0 |
|
0 |
1 |
1 |
2 |
|
0 |
0 |
0 |
0 |
|
0 |
0 |
0 |
0 |
|
Бардыгы |
0 |
1 |
2 |
3 |
Кышкы Олимпиада оюндары
Оюндар |
Алтын |
Күмүш |
Коло |
Баары |
0 |
0 |
0 |
0 |
|
0 |
0 |
0 |
0 |
|
0 |
0 |
0 |
0 |
|
0 |
0 |
0 |
0 |
|
0 |
0 |
0 |
0 |
|
0 |
0 |
0 |
0 |
|
Бардыгы |
0 |
0 |
0 |
0 |
Спорттун түрү боюнча медалдар
Спорттун жайкы түрлөрү
Спорттун түрлөрү |
Алтын |
Күмүш |
Коло |
Баары |
0 |
1 |
1 |
2 |
|
0 |
0 |
1 |
1 |
|
Бардыгы |
0 |
1 |
2 |
3 |
Спорттун кышкы түрлөрү
Спорттун түрлөрү |
Алтын |
Күмүш |
Коло |
Баары |
~ |
0 |
0 |
0 |
0 |
Бардыгы |
0 |
0 |
0 |
0 |
Булак: NazarNews.kg