www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасынын дарыгерлери бийликке кат аркылуу кайрылышты.

"Бизге жалаа жабышпасын, эч кандай ажы тойго эч ким барган эмес. Ажы тойго шылташпасын, бул жерде ич ара вирус жугуу болгон", - деп билдирген алар. Бул тууралуу аталган оорукананын 17 дарыгери кол койгон билдирүүсү социалдык тармактарга тарады.

Катты дарыгерлер вице-премьер министр Кубатбек Боронов, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Кыргызстандын жугуштуу оорулар боюнча башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин ысымдарына шилтеме берип жолдошкон.

Алардын айтымында, дарыгерлерге жалаа жабылып жатат.

"Балдардын жугуштуу оорулары стационарынын кызматкерлери Кубатбек Бороновдун жана Гүлжигит Аалиевдин брифингин көргөндөн кийин, биздин жетекчилик, Ош шаарынын эпидемиологдору туура эмес билдирүүлөрдү берип, биздин аброюбузга шек келтиришти деп эсептейбиз. Себеби биздин дарыгер эч кандай кошунасыныкына кирип, чай ичкен эмес. 18-мартта Ош шаарынын Черемушка кичи шаарчасында жайгашкан ФТБ-3түн авариялык имаратына 17-мартта кичи ажыдан кайтып келген жарандардан анализ алууга, анкета толтурууга ДИСтин башчысы Абжалов тарабынан киргизилген.

Дарыгердин айтуусу боюнча, ал жерде эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Шаар мэринин көрсөтмөсүнө карабастан, ал жерди жууп-тазалоо болгон эмес. (Биздин оорукананын 1-корпусу ремонтко жабылганына байланыштуу, 2-4-бөлүмдөр 4 ай бою ошол жерде иштешкен жана 14-март күнү обсервация болот деп, шашылыш көчүрүлүп) имараттын ичи талапка ылайык хлор менен тазаланбаган, кварц жөнүндө ойлонулган эмес. Кийинки күнү умрадан келген жарандар аркылуу видео тартылып, интернет аркылуу жалпы кыргыз эли көргөн.

Умрадан келген жарандар өткөн коридор менен өтүп, туткаларды ачып, ошол аба менен дем алып, биздин дарыгерлер ошол имаратка кирип, "таза зона, кир зона" жок экендигин көрүп, Абжаловго телефон аркылуу билдирген. Ошол имаратта СИЗ костюмдарын кийип киришкен. Улгайып калган жашына, өнөкөт оорулары бар экендигине, 3-бөлүмдүн дарыгери Аматованын телефон аркылуу эскерткендигине карабай Абжалов жөнөтүп жибергендиги менен КР МЗ 156 буйругун одоно түрдө бузуп, жалган маалыматты бергендиги менен "ар бир ак кызмат өтөгөн ДИСтин кызматкерлеринин аброюна шек келтирген" деп эсептеп, сиздерди аныктап, тактап, керек болсо комиссия түзүп, бизди актап, эл алдында төгүлгөн намысыбызды кайрып берет деген үмүт менен сиздерге кайрылуу жасадык.

Биздин коллектив ушул күнгө чейин "Дарыгер 2-3 жолу гана ремонтту көргөнү келген" деген жалган кептерди, "башка жактан жугузду" деп кой деп дарыгерден суранганын, жумушта бүтүндөй оорукана обсервацияга алынса да, толук кандуу иш-чара жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө телефон аркылуу айтсак да, көңүл бөлбөгөндүгүн, жана ушул күндөрү мас акыбалында жүргөндүгүн да айта кетебиз. "Ар күнү түшүнүк кат жаз, ал жактан деп кой" деп биздин дарыгерди психикалык атакага алган", - деп айтылат кайрылууда.

Эске сала кетсек, кечээ, 8-апрелде Оштогу балдардын инфекциялык стационары убактылуу жабылганын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган.

Ооруканада медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус аныкталгандыктан дезинфекциялоо иш-чарасы жүргүзүлүү үчүн жабылгандыгы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости