www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн көп бөлүгүндө коронавируска байланыштуу карантин өкүм сүрүп жатканда Түркмөнстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо күнүн массалык иш-чара менен белгиледи. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

7-апрелде жергиликтүү телеканалдар президент Гурбангулы Бердымухаммедов ат минип, чакан топ менен велосипед тээп жүргөнүн көрсөттү. Ал күнү баш калаа Ашхабадда 3500дөй адам, калган аймактарда 7 миңдей киши кыдырата тизилип веложүрүшкө чыкты. Ошондой эле өлкө боюнча жоон топ адамдын катышуусунда гимнастика, бокс жана күрөш мелдештери өткөрүлдү.

Түркмөнстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусу расмий түрдө каттала элек. Бийлик «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости