www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 7-декабрь күнү Баткен районунун Жаңы-Жер айылы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана унаа жолунун 221 чакырымында “Хендай солярис” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, автоунаанын айдоочусу ошол жерде каза болгондугу боюнча маалымат Баткен РИИБне катталып, окуя болгон жерге Баткен РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып кароо жүргүзөт.
Окуя болгон жерге, кырсыкка учураган автоунаага кароо жүргүзгөндө автоунаанын техникалык паспорту жана айдоочулук күбөлүк табылып, автоунаанын айдоочусу Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы А.Ж.аттуу тургуну экендиги аныкталган.
Бул факт Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-беренесинин (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында автоунаага кароо жүргүзгөндө унаанын арткы жүк салгычынан кызыл-кара түстөгү “Sports” деген жазуусу бар спорттук сумка табылып алынып, ага кароо жүргүзгөндө сумканын ичинен 3 даана атайын целлофан пакетке оролгон өзгөчө жыты бар, болжол менен жалпы салмагы 3кг болгон банги затына окшогон зат табылып алынган.
Алынган банги затына окшогон затка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда гашиш банги заты экендиги аныкталган. Азыркы учурда бул иштер боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg