www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги, сот бийлиги болушу зарыл. Мындай пикирди коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди.
--“Мына барыбызга белгилүү орчундуу окуялар болуп өттү. Төңкөрүш, саясий куугунтук деп жатышат. Бирок мамлекеттик түзүлүштүн нугу өзгөрүлгөн жок. Мен жакшы сунуш менен келдим. Азыр мына кеңешмеде ар кандай бийликтерди киргизип жатышат. Адам укуктарын коргоо жөнүндө кемчиликтер бар экенин байкадым. Мен жаңы өзгөрүү киргизүүдө улуу жыйын дегенди киргиздим. Кыргыз элинде улуу жыйын деген илгертен бери бар, чоң жыйында баары чечилгидей болот. Эл өкүлдөрү келип, туруктуу жеринен шайланып келиши керек. Баары беш миңден адам болот. Ошондой эле чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандар кошула алат. Андыктан алар Кыргызстанга, үй-бүлөсүнө жардам берип жатат. Ошолор дагы салык төлөп, мамлекетке салым кошуп жатат. Ал эми баардыгынын жоопкерчилиги өзгөргөн эмес. Бийликтин бутагы сөзсүз классикалык түрдө болсун. Мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги, сот бийлиги болушу зарыл. Үчөө тең бири-бирине көз карандысыз, тең салмактуу шайланып келген негизде иштеши керек. Ошонун негизинде алып кетсек, биз башкарууга алып келмекбиз. Мына азыр мурдагы жана азыркы бийликтин укугу бар, жоопкерчилиги чектелген эмес. Баарынын жоопкерчилиги чектелип, ар бири жазылышы абзел. Дыкаат татыктуу адамдарды тандап, иштегенге мүмкүнчүлүк берели. Ал эми канчалаган жарандарыбыз, чет мамлекеттеги жарандарыбыз шайлоого катыша албай жүрөт. Алардын баарын шайлоого катышканга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Азыртан бийлик өкүлдөрүнө талап койбосок, кийин иш-бөлмөлөрүндө отуруп калат. Караңыздар, буга чейинки бийликтер укук, социалдык маселелерге көп көңүл бурбай, коомчулуктун пикирин укпай коюшту. Жыйынтыгында төңкөрүштөр, ар кандай окуялар болуп кетти. Элге жакшы болушу үчүн мен өзгөртүүгө ушундай сунуш киргиздим”,-дейт Алмамбет Матубраимов.
Булак: NazarNews.kg