www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин бала чагыма байланышкан эң маанилүү эскерүүлөрүм, албетте, апама байланыштуу. Ал мени мээримге бөлөп, менин ички дүйнөмө күч-кубат берип турган. Ал сезимдер менде түбөлүккө калды. Эне сүтү менен бирге, биз турмуштун чыныгы асыл-нарктарын өзүбүзгө сиңиребиз. Эненин сүйүүсү – биздин көз караштардын, мүнөзүбүздүн, биздин баалуулуктардын, чөйрөбүзгө болгон мамилебиздин негизин түзөт. Биз жарык дүйнөгө келгенде эң алгач, жаратман күчү бар, бардыгын кечирген, энебиздин мээримин сезебиз. Бул сезим – ар бирибиздин өзөгүбүздү түзүп, келечегибизди аныктайт.

Бардык аялдарды, келечектеги жана азыркы апаларды, энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Апа – баланын өмүрүндөгү эң башкы, эң асыл, маанилүү адам. Дүйнөдө, эненин сүйүүсүнөн күчтүү сезим жок. Анын бүткүл тереңдигин сүрөттөө мүмкүн эмес. Энелер гана, эч нерсеге карабастан өз балдарын жакшы көрүшөт. Апаларыбыз үчүн, биз камордукка, мээримге, колдоого ар дайым муктаж бала бойдон кала беребиз.

Бардык апаларды бул майрамы менен куттуктайм! Сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубаттуулук, сый-урмат жана сүйүү каалайм! Балдарыңыздарга бак-таалай каалайм – ар бир эне ушуну тилейт эмеспи. Балдарыңыздар кайрымдуу болуп, сиздерди ар дайым алардын сүйүүсү менен камкордугу курчап турсун!

Бейиш - сиздердин таманыңыздардын астында, кымбаттуу энелер! Майрамыңыздар менен!

Сүрөт жана маалымат Өмүрбек Бабановдун Фейсбук баракчасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости