www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакшы идея...Жеке мектеп: Эң жөнөкөй, өтө реалдуу.

Бир группада 15 киши. Он беши он беш түрлүү бизнес долбоору менен келет. Эки ай бою сенин долбооруңду кантип ишке ашыруунун сырларын, окуусун, ишке ашыруунун жолдорун үйрөтөт. Ал убакыт ичинде өтө капчыктуу 4 түрлүү банк өкүлдөрү келип сабактарын өтөт. Аягында 15 кишинин кимисинин долбоору реалдуу, кызыктуу анан ишенимдүү болсо ошого 10 миңден 1 миллион швейц. франкка чейин өтө жеңилдетилген, узак мөөнөттүү кредит берет. Элдерди карасаң, жанын сабап даярданып чуркап жүрөт. Мугалимдер: “Башкысы каякка бараарыңды бил, кай жакка баратканыңды билбесең анда башка жакка барып каласың” дейт. А турмуш ушундай, кээде өзүңдүн кай жакка баргың келгенин билиш да кыйын. “Дайыма эле жооп издей бербей, туура суроо кое бил” дейт. “Максатты көздөй баратып андан канчалык көп корксоң ага ошончо аз жетесиң” дейт алар. Бир маалда сурайт: - Бүгүнкү күндө соодасы эң жакшы өткөн тармак бул кайсы? – деди. Бири тамак аш тармагы дейт, бири жок, адамдар көп пайдаланган нерсе бул кийим-кечек дейт, дагы бири: - жок, техника дейт, жо-ок автомашина дейт, бирөө тейлөө тармагы дейт... айтор аягында баарыныкы туура эмес болуп чыкты. – Ал эмне билесиңерби? Ал – люкс! деди. Силер айткандын баары бирок ошолордун люкс даражадагылары деди. ХХI кылымдын эң өтүмдүүсү люкс болуп турат. Эл тамак аштын эң витаминдүү, тазасын издейт, машинанын төрөсүнө качырат, сотканын сонунун көтөрөт, компьютердин эң күчтүү, ыңгайлуусун карайт, тейлөөнүн эң сылык, маданияттуусуна качырат, мына ушундай! дейт мугалим. “Ойлонгула, достор!” дейт. Бирөөнү карасам калемин сындырып салчудай мыкчылап атат. Деги ХХI кылымдын укмуш толкуну келатыр. Көзүңү ирмегиче кечигип калчудайсың. Башкысы максатты көздөй кыбырап баратсак жакшы. Эгерде баратпаган болсок өйдө туруп, шымды күбүп кайра жөнөйлү. Башка жол жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости