www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу карантинге алынгандарды башка ооруканага которушту. Бул тууралуу коронавируска каршы штабынын мүчөсү, Ош шаардык жугуштуу оорулардын балдар ооруканасынын башкы дарыгери Кайрат Абжалов билдирди.

Эске сала кетсек, кечэ, 18-мартта умардан келген кыргызстандыктар Оштун 7-бейтапканасындагы шартка нараазычылыгын билдиришкен.

Кайрат Абжаловдун айтымында, бардык бейтаптар башка обцервацияга которулду. Алар тыкыр көзөмөлгө алынды жана бардык шарттар түзүлдү.

“Бейтаптарга күнүнө 4 жолу медициналык бет кап жана анантисептикалык каражат берилет. Аларды жугуштуу оорулардын дарыгери жана дежурдук врач кезек менен көзөмөлдөп турушат”,-деп Ош шаардык мээриясынын маалымат борбору билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы бүгүн түнү Бишкектен чыкты. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен. Алар ал жакка кичи ажылыкка барып келишкен. Илдет аныкталган үч киши менен кошо Сауд Арабиясынан учуп келген 45 жүргүнчү изделип жатканын маалымдалды. Ал учакта жалпы 135 адам болгон, алардын ичинен 90 киши 18-мартта изоляцияга алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости