www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад областына келди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга жугуштуу илдет оору тарап кетпесине байлыныштуу коюлган атайын блок постторду текшерүүгө алды.
Посттордо турган милиция кызматкерлери менен жолугуп кошумча нускамаларды берди.
Азыр Благовещенск, Орто Азия жана Бостон айылына 19 пост коюлат. Ошол жерлерде чектөө болот.
Жергиликтүү жарандар жана милиция кызматкерлери менен болгон жолугушууларда Сүйүн Өмүрзаков мына буларга токтолду:“ Бүтүн дүйнө жүзүн кооптондурган жугуштуу илдет оорусу бизге да келип жеткендиги өкүнүчтүү. Учурда Мамлекет башчыбыз, Кыргыз Республикасынынн Өкмөтү – жарандарыбыздын ден соолугун сактоо багытында бардык ыкчам керектүү иш чараларды көрүүдө. Медициналык кызматтардын бардыгы элибиздин саламаттыгын сактоо үчүн күнү-түнү иш алып барууда жана аны дарылоого толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мына ушундай кырдаалда мен дагы Сиздерге кайрыламын. Биз ички иштер министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте коомдук тартиптин сакталышына жооптуубуз. Биз түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз. Ден соолукту сактоо, жугуштуу оорудан сактануу боюнча дарыгерлердин айткандарынын бардыгын толук сактап, бекем тартипте карманышыбыз зарыл. Кыргызтандын ар бир жараны, ар бир үй бүлө, ар бир атуул жеке гигиенанын талаптарын катуу кармоо, провакациялык ар кандай чакырыктарды социалдык түйүндөрдө таратпоо керек. Такталбаган жалган маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрөм дегендер мыйзам чегинде жазага тартылат. Укпайт деп ушак таратпагыла, көрбөйт деп, билбейт деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Мен бардыгыңыздарды токтоолукка, сабырдуу болууга чакырамын", - деди Сүйүн Өмүрзаков.
Булак: NazarNews.kg