www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ксения Собчак – ачык-айрым, бетке чабаар, айланасын ушак кептер жана чыр-чатак курчаган, көп жек көрүндү болгон, кызыктуу ишмердүүлүгү бар көрүнүктүү инсан. Анан да белгилүү саясатчынын кызы экенин айтпасак да болбойт. Бүгүн биз Ксения тууралуу кызыктар менен бөлүшөбүз.

- Ксения бала чагында балет менен алектенген. Марин атындагы театрда өспүрүм кезине чейин бийлеген.

- Санкт-Петербургдун мэринин ызы болгондуктан, 10 жашына чейин күзөтчүлөрдүн көзөмөлү менен жүргөн. Эркиндикти каалаган Ксения үйүнөн качып кеткен күндөрү да болгон.

- Эки кесиптин ээси. Бири “Эл аралык мамиле” жана “Политология”.

- Бир катар тасмада өзүн актриса да катары сынап жүргөн.

- Сүйүктүү жолдошу Максим Виторган менен “Дождь” телеканалынын “Госпед” берүүсүнө конок катары чакырганда жолугушкан.

- 2005-жылы Александр Шустровго турмушка чыга турган болуп, кайрадан бул той белгисиз себептерден өтпөй калган. Тойго камдалган көйнөктү Валентин Юдашкин камдаган.

- Жазуучу катары өзүн сынап, ойлорун кагаз бетине түшүрүп, беш китеп чыгарган.

- Англис, француз, испан тилдеринде эркин сүйлөй алат.

- “СТБ” телеканалындагы “Кел үйлөнөбүз” долбоорунун украин версиясын алып барган.

- Кара, күрөң түстөрдү жактырат.

- Теннис жана экстремалдык сноубордго кызыгат.

- 2012-жылы “SNC” айымдар журналынын башкы редактору болгон.

- Оюна эмне келсе, баарын ачык айтат.

- Экскюливдүү маалыматтарды эң биринчилерден болуп бергенди жактырат. Маалымат айдыңын башкаруу тууралуу ойлору бар.

- “Биринчи, экинчи” каналдарда чыкпаганына арданат. Мындан улам “Бизде кесипке көп тыюу салышат. Коркунучтуу убакытта жашап жатабыз” деп айткан.

- Мектепке жалаң “5” окуган.

- Геометрия, химия сабактарын жек көрчү.

- “Жалжаңчы” деген лакап атка конгонуна сыймыктанат.

- Курбуларын абдан кылдаттык менен тандайт. Эң ишенген жалгыз курбусу Яна Расковалова.

- Келбетиндеге кемчиликтерин моюнуна алат. “Анжелина Жоли эмесмин” деп ачык айтат.

Последние новости